БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкөдө аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Маалыматка караганда, аймактарда аба ырайы өзгөрүп турат. Бишкекте 15-ноябрда түштөн кийин күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаайт. 16-17-ноябрда да жаан, кар жаай турганы айтылды. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5...10 градустун тегерегинде болушу ыктымал.
Чүй, Талас облустары
Чүйдө да 15-ноябрдан тарта күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга кар жаай турганы айтылды. 17-ноябрдан баштап 19-ноябрга чейин күн ачык болушу күтүлүүдө. Абанын температурасы -2…+3 градусту көрсөтөт. Таласта 13-14-ноябрда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 15-ноябрда күндүн экинчи жарымында жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы 16-ноябрдан тарта төмөндөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
14-ноябрда Ош жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 16-ноябрда күндүз айрым жерлерге жаан, кар жаашы ыктымал. 17-18-ноябрда күн ачык болсо, 19-ноябрда кайра жамгыр, тоо этектерине кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 7…12 градус жылуу болот. Жалал-Абадда күндүн көзү 15-ноябрда бузулуп, жамгыр, кар жаай турганы айтылды. Аталган облуста дагы 17-18-ноябрдан башка күндөр жаанчыл болору божомолдонду. Абанын температурасы 6...11 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Ысык-Көлдө 16-17-ноябрдан башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок аба ырайы суук болору айтылды. Аймактарда абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 3....8 градус болот. Нарында дагы 16-ноябрда жамгыр жааса, 17-ноябрда жаан катуу жаап, тоолорго кар түшөрү айтылды. Абанын температурасы күндүз 0…5 градус, түнкүсүн -7…-12 градуска чейин суук болору күтүлүүдө.