Прокуратура: ИИМдин жооптуу адамдары машыгуунун акчасын "жеп" койгон

Аскер прокуратурасы ИИМдин ички аскерлеринин бир катар кызматкерлерине иш козгоду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. ИИМдин ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары бюджеттик каражатты кымырып алып, мыйзамсыз иштерди жасап, анын кесепетинен мамлекетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.
"2022-жылдын июнь айында машыгуу өткөрүүгө керектелчү материалдык баалуулуктарды сатып алууда Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары документтерди жасалмалаган. Бааны жогорулатуу жолу менен сатып алууда көрсөтүлгөн техникалык шарттардын талаптарына жооп бербеген товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алып, натыйжада мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 346-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Кара-Кулжада эки милиционер пара алып жатканда кармалды. Видео