Кара-Кулжада эки милиционер пара алып жатканда кармалды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
ИИМ кызматкерлеринин кылмыш ишти оң жакка чечип берем деп 120 000 сом талап кылганы айтылууда.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Кулжа райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Алар тартип сакчылардын кайырмагына 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү "илинген".

"Кылмыш ишти оң жакка чечип берем деп 120 000 сом талап кылган Кара-Кулжа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылган маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын Оштогу тергөө камак жайына киргизилген. Маалымат кызматы кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Милициянын капитаны пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Милициянын капитаны пара менен кармалды. Кадамжайдан тартылган сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0