БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бийлик башчылары бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүл коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон аткаминерлер 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.
Алардын арбагына багышталып куран окулду.