Радио

Бейшембаев: ракты эрте аныктап дарылоо системасын жолго коюу керек

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология, гематология, нур диагностикасы жана терапия кафедрасынын башчысы Алмаз Бейшембаев Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен жабыркагандар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
2021-жылдагы статистика боюнча, Кыргызстанда 5 746 онкологиялык оорулуу катталса, 3 438и каза болгон. Бул адамдардын тамактануусуна жана жашоо образына байланыштуу болуп жатат. Мындай маалыматты Алмаз Бейшембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, рак оорусунун себептери илимпоздорго азырынча так белгилүү эмес, бирок вирустук жана тукум куучулук факторлор бар.
"Тилекке каршы, бейтаптар онкологдорго оорунун акыркы стадиясында келишет жана мындай учурларда рактын алгачкы стадиясындагыдай дарылоо эффективдүү болбой калды. Өлүмдү азайтуу үчүн биз эрте диагностиканы иштеп чыгышыбыз керек. Анткени алгачкы этаптарда заманбап медицинанын жардамы менен какыс сакайып кетүү толук мүмкүн. Эгерде адамда 60 жашка чейин онкологиялык оорулар пайда болбосо, анда бүгүнкү күндө дарыгерлер тукум куучулук фактор жок деп эсептешет. Кыргызстанда кеңири тараган онкологиялык ооруларга келсек, биринчи орунда ашказан, өпкө рагы, эркектерде простата безинин рагы, аялдарда эмчек жана жатын моюнчасынын рагы турат. Учурда дал ушул оорулардан бейтаптар каза таап жатат", — деди Бейшембаев.
Ал совет учурунда республикада онкологиялык кызмат жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеп, азыр ракты эрте диагностикалоо жана дарылоо боюнча бүтүндөй система түзүү керектигин кошумчалады.