БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы багажын жоготуп алган учурда жүргүнчү эмне кылыш керектигин түшүндүрдү.
Эгер сиз оокат-кечеңизди жүк берген сектордон таппай калсаңыз, анда:
ошол сектордон эч кайда кетпеңиз;
"Жүктү издөө-Lost&Found" бөлүмүнө кайрылыңыз. Ал эл аралык каттамдар зонасында жайгашкан;
жүк биркасынын талонун, документтериңизди көрсөтөсүз;
ким экениңизди тактаган документти да көрсөтөсүз;
"Жүктү издөө-Lost&Found" бөлүмүнүн кызматкерлери жүгүңүз келген жок деген арыздын атайын формасын толтурганга жардам беришет. Анда каттамдын, жүк биркасынын номери, жүктүн аталышы, телефон, дарек жана башкалар көрсөтүлөт;
Кокус жоголгон жүк табылып калса, сизге авиакомпаниянын өкүлү же аэропорттун кызматкери чалып, кайда жеткирүү керектигин тактайт.
"Манас" аэропортунун маалымат кызматы жүктүн келишине жоопкерчилик жүргүнчүнү алып келген авиакомпанияга жүктөлөрүн эскертти.