6-ноябрга карата аба ырайы

6-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта +9…+14, Чүй облусунда +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жеринде +8…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градусту көрсөтөт.
Бишкекте +12…+14, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
Депутат балдары түн катып жүргөндөрдү ата-энелик укуктан ажыратууну сунуштады