10 өлкөдөн келген жаш адистер Sputnik Кыргызстандын офисинде болду

Быйыл "Борбор Азия боюнча мектеп" 17-20-сентябрда Бишкек шаарында өтүп, бир нече теманы камтымакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык мамлекеттик агенттиги менен радиосунда КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын колдоосунун астында Горчаков фондунун илимий билим берүү программасынын катышуучуларынын экскурсиясы болду.
Россия, Казакстан, Бельгия, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Молдова, Беларусь жана Колумбиянын өкүлдөрү "Борбор Азия боюнча мектеп" долбоорунун алкагында Бишкекке келишти. Бул жерден аларга жергиликтүү адистер кошулду.
1 / 5

Sputnik Кыргызстан эл аралык мамлекеттик агенттиги менен радиосунда КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын колдоосунун астында Горчаков фондунун илимий билим берүү программасынын катышуучуларынын экскурсиясы болду

2 / 5

Россия, Казакстан, Бельгия, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Молдова, Беларусь жана Колумбиянын өкүлдөрү "Борбор Азия боюнча мектеп" долбоорунун алкагында Бишкекке келишти

3 / 5

Бул жерден аларга жергиликтүү адистер кошулду

4 / 5

Эл аралык мамилелер, саясат таануу тармагындагы жаш адистер, экономисттер, юристтер, тарыхчылар, эл аралык журналистикада иштегендер, ЖОЖдордун окутуучулары, дипломаттар редакциянын ишмердүүлүгү менен таанышып, редакциянын жамааты, агенттиктин жетекчиси менен сүйлөштү

5 / 5

Жолугушуу кызыктуу өтүп, актуалдуу жана курч суроолорго ачык жана кенен жооптор берилди

Эл аралык мамилелер, саясат таануу тармагындагы жаш адистер, экономисттер, юристтер, тарыхчылар, эл аралык журналистикада иштегендер, ЖОЖдордун окутуучулары, дипломаттар редакциянын ишмердүүлүгү менен таанышып, редакциянын жамааты, агенттиктин жетекчиси менен сүйлөштү.
Жолугушуу кызыктуу өтүп, актуалдуу жана курч суроолорго ачык жана кенен жооптор берилди.
Быйыл "Борбор Азия боюнча мектеп" 17-20-сентябрда Бишкек шаарында өтүүдө. Ал төмөнкү темаларды камтыды: "Борбор Азия өлкөлөрүндөгү көп багыттуулук: иллюзиябы же реалдуу зарылдыкпы?", "Санкциядан кийин жашоо барбы — экономикалык кызматташтык жана улуттар демилгелери", "Чек арадагы суу байлыктары: аймактык диалогдун көйгөйү" жана башкалар.
Радио
Анарбек уулу: ар өлкөдөн чогулган жаш окумуштуулар Камчатканы кыдырдык