Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Poddubny Wrestling League (PWL-2) эл аралык мелдешинде жеңише жетишти.
Турнир жума күнү Москвада өткөн.
Алтын үчүн беттеште Шаршенбеков россиялык Анвар Аллахьяров менен күч сынашкан. Ал таймаштын экинчи бөлүгүндө 2:6 эсебинде утулуп жаткан, тагыраагы, атаандашы аны көтөрүп чапмак. Бирок андан бошонуп, кийин каршылашын бир нече ирет килемден сүрүп чыгарып, упайын көбөйткөн. Андан кийин жыгып, эсепти 9:6га жеткирип жеңишти камсыздаган.
Poddubny Wrestling League мелдеши рейтингдик жана дүйнөлүк серияга бөлүнгөн. Шаршенбеков менен Аллахьяров дүйнөлүк серияда кармашкан. Жоламан учурда дүйнөнүн чемпиону, ал эми россиялык каршылашы — U-23 дүйнө чемпиону.