Сузакта былтыр селден улам үйсүз калган 8 бүлө турак жайлуу болду. Сүрөт

Бир жылдан бери жергиликтүү тургундар вагондо жашап келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында былтыркы селден жабыркаган сегиз үй-бүлө жаңы турак жайлуу болду. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Ага ылайык, үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышкан.
1 / 2

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында былтыркы селден жабыркаган сегиз үй-бүлө жаңы турак жайлуу болду.

2 / 2

Ага ылайык, үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Эске салсак, былтыр июнь айында Сузактын Чаңгыр-Таш айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен дамба жырылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, ошондой эле бала бакча суу астында калган.
Маалым болгондой, былтыркы жылдан бери Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын бир нече тургуну вагондо жашап келген. Үй салууга чамасы жетпеген жашоочуларга жер тилкеси бөлүнүп, үч бөлмөлүү турак жайга мамлекет тарабынан 5 миллион 600 миң сом акча чегерилген. Мындан сырткары, облустагы мекеме-ишкана кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы которулган. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 миллион сом жумшалганы кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Достук, Капчыгай айылдарына үйлөр өзгөчө план менен курулат. Жапаровдун жарлыгы