Өз киндигин өзү кескен Касымалы Баялинов. Сүрөттө калган ирмемдери

Быйыл кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында жарык дүйнөгө келген. Эрте эле ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы Үркүндө 14 жашар Касымалы эл менен кошулуп Кытайга качып Октябрь революциясынан кийин мекенге кайтып келип Кочкордо малай болуп жүрүп, 16 жашында Токмокко жөө келген. Ошентип эптеп жан багып аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу болуп эмгектенген.
17 жашында комсомолдун катарына кошулуп Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курста окуган. Билимге суусаган жигит андан соң алты айлык педагогикалык курсту, Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун аяктаган.
Болочоктогу калемгер алгачкы ырларын 18 жашында жазып, казак, татар тилинде чыккан. 1926-жылы "Ажар" аттуу аңгемеси биринчи жолу жарык көрөт. Кийин "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жаратып, котормочулук менен да алектенген. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнө салган.
1 / 10

Баялинов 1920-30-жылдары төрт жылдай "Кыргызмамбастын" башкы редактору болгон

2 / 10

Калемгер жубайы менен

3 / 10

Кыргыз интеллигенция өкүлдөрү: биринчи катарда үчүнчү отурган Кусеин Карасаев, бешинчи отурган Касымалы Баялинов, анын жанында Зияш Бектенов

4 / 10

Баялинов кыргыздын алгачкы кесипкөй котормочуларынын бири. Ал Максим Горький, Александр Пушкин жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага оодарган

5 / 10

Жоомарт Бөкөнбаев, Касымалы Баялинов жана партиялык ишмер Мухамед Дөгдүров. 1944-жыл

6 / 10

Жазуучу жубайы менен Башкыртстанда табышкан

7 / 10

Баялиновдун эмгектери орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немец, чех тилдеринде жарыкка чыккан

8 / 10

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү жакын санаалаш, замандаштары менен. Баялинов эмгек жолунда түрдүү бут тосууларга кабылган. Бирок чыгармачыл инсан ага баш ийген эмес

9 / 10

Калемгердин үй-бүлөсү. Түгөйлөр эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

10 / 10

Баялинов 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнөдөн кайткан. Азыр анын ысымын борбор калаадагы бир китепкана, бир көчө алып жүрөт.

Тема боюнча:
25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери