БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ички авиакаттамдарга билет баасын төмөндөтүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде Төрөбаев Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, Монополияны жөнгө салуу кызматы, авиакомпаниялар жана башка кызыкдар тараптар менен бирге авиабилеттердин кымбаттап кетишине жол бербөө маселесин талкуулаган.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Монополияны жөнгө салуу кызматына билет баасын көзөмөлдөп, аны негизсиз жогорулаткан учурда жооптуу тараптарга мыйзам чегинде чара көрүү тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине Баткен жана Раззаков шаарларына каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталса, "Манас" эл аралык аэропортуна Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү тапшырмасы берилген.