Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин аскерлери Запорожьенин бошотулган аймактарына чыга тургандарды аткылады

Рогов Киев режими автоколоннаны аткылаган кылыгын россиялык аскерлерге шылтап коюуга аракет кылып жаткандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Мы вместе с Россией" кыймылынын төрагасы, Запорожье облусунун Аскердик-жарандык администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов бошотулган аймакка өтүүгө камданып турган жай жарандардын автоунааларын украиналык аскерлер аткылоого алгандыгын айтты.
РИА Новости ал автоунаалардан турган колонна экендигин жазды.

"Украиналык согушкерлер колоннадагы ондогон адам түшкөн автоунааларды аткылады. Алар Орехов трассасына чыгуу үчүн базардын аймагында турган. Биздин маалыматтарга таянсак, көз жумгандар бар, жарадарлар көп", — деп айтып берген ал агенттикке.

Рогов Киев режими бул кылыгын россиялык аскерлерге шылтап коюуга аракет кылып жаткандыгын билдирген.
Анын айтымына караганда, Украина бийлиги алар көзөмөлгө алып турган аймактагы элди коркутууга аракет кылып жаткан кези. Бул сөз болуп жаткан региондогу калкты Россия Федерациясынын субъекти боло турган аймакка өткөрбөө аракетинен улам болууда.
Эки күн мурда жашоочулар ал жерден чыгып кетиш үчүн "мүмкүнчүлүк бергиле" деген талап коюп, Орехов трассасын жаап, митинг өткөрүшкөн. Себеби анын алдында Украина бийлиги көзөмөл өткөрүү жайына макулдашуу, электрондук кезек жана атайын кызматтын текшерген системаны киргизген.
ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Херсон жана Запорожье облустарынын көз карандысыздыгын тааныды