БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Донецк Элдик Республикасынын башчысы Денис Пушилин эми ДЭРдин конституциялык аймактарынын бардыгы бошотуларын айтты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"ДЭРдин конституциялык аймактарынын бардыгы бошотуларын ишенимдүүлүк менен айта алам. Азыр согуштук аракеттердин жаңы этабына чыгып жатабыз. Ар бир нерсенин өзүнүн мезгили келет", — деген ал журналисттерге.
23-27-сентябрь күндөрү ДЭРде бошотулган аймактардын Россиянын курамына кошулушу боюнча референдум өтүп, ага добуш бергендердин 99,23 пайызы макул болгону маалымдалды.