24-сентябрга карата аба ырайы

24-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Бишкекте жана Ош калаасында жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29...+31, Ошто +30...+32 градуска жетет.
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы