Пуфик, груша, өзү каалаган туш кагаз... Өспүрүмдүн бөлмөсү кандай болушу керек

Медициналык жактан 11-16 жаш өспүрүм курак деп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Өспүрүм кез адам баласынын жашоосундагы эң татаал учур болгондуктан, бул куракта баланын жеке өзүнө тиешелүү аймак, башкача айтканда, анын бөлмөсү абдан ыңгайлуу болгону жакшы. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаардык педагогикалык университетинин илимий кызматкери, балдарга тиешелүү мейкиндикти долбоорлоо боюнча адис Екатерина Барсукова айтып берди.
"Медициналык жактан 11-16 жаш өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул учурда баланын организминде жана психикасында чоң өзгөрүү болуп жактандыктан ал өтө тез чарчайт. Андыктан керебеттен тышкары жөн гана жөлөнүп отуруп же жата турганга жер керек. Мисалы, бул үчүн ыңгайлуу эмерек — пуфик. Заманбап, каалагандай өңүн тапса болот, өспүрүмгө сөзсүз жагат", — деди адис.
Ошондой эле ал дубалга баланын өзүнө жаккан, ошол эле учурда өтө кымбат эмес туш кагаз чаптоо керек экенин айтат.
"Баланын табити бат өзгөрөт. Азыр жакшы көрүп жаткан туш кагазды эки жылдан кийин көргүсү келбей калышы мүмкүн. Андыктан ага көп акча коротпоңуз", — деди Барсукова.
Сөзүнүн соңунда адис эркек балдар чоңоюп келе жаткан үйдө боксёрдук груша болгону жакшы экенин кошумчалады. Бала аны ургулап турса жини бат тарап, өспүрүм кездеги оргуштаган энергияны жөнгө салууга үйрөнөт.
Мектептин инфраструктурасы баланын билим деңгээлине таасир этеби? Адистин жообу