Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери

Бүгүн — белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо 87 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан залкар киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти борбор калаадагы №5 мектепте окуган. Андан соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп үн режиссёру дипломун алып чыккан. Алгач үн режиссёру болуп иштеп, "Жылкылар" даректүү тасмасын тартып, дипломдук иши катары атактуу "Бакайдын жайыты" фильмин сунуштаган.
СССРдин эл артисти чыгармачыл жолунда көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Ак илбирстин тукуму", "Көк серек", "Мурас " "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Уркуя" кинокартиналарын жараткан.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Киночу 2001-жылдын 18-декабрында 66 жашында Анкарада кайтыш болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
1 / 20

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында төрөлүп, балалыгы согуштун оор жылдарына туш келген

2 / 20

"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учуру. Жаш режиссер Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев

3 / 20

Кинорежиссер айылдык балдарга кандай чуркоо керектигин өзү көрсөтүп жаткан учур

4 / 20

Атактуу "Бакайдын жайыты" кинокартинасы Океевдин дипломдук иши болгон

5 / 20

"Алтын күз" тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен

6 / 20

Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева. Фрунзе шаары, 1971-жыл.

7 / 20

Океев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл

8 / 20

Соң-Көл жайлоосунда боз үйдүн ичинде. "Улан" тасмасын тартуу учуру.

9 / 20

Колуна тапанча көтөргөн Төлөмүш Океев, камерасын кармап турган КРдин эл артисти, оператор Нуртай Борбиев жана эки ассистент менен. Ысык-Көл облусу, 1969-жыл.

10 / 20

"Уландын" режиссеру Төлөмүш Океев жана башкы каарман Сүймөнкул Чокморов

11 / 20

Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов

12 / 20

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова иш маалында. 1977-жыл

13 / 20

СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, артында жазуучунун уулу Санжар Айтматов

14 / 20

Актриса Асел Эшимбекова менен СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев. "Сүйүү закымдарын" тартуу учуру.

15 / 20

"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта оор шартта иштеген

16 / 20

Курсташ, кесиптеш, санаалаштар. Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев "Алтын күздү" камерага түшүрүү маалы. 1980-жыл

17 / 20

"Көк серек" көркөм тасмасын тартуу учуру. Режиссер Океев менен таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов

18 / 20

Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев менен моңгол элинин улуттук кийимин кийген кыргыз актерлору "Чыңгыз хан" тасмасын тартуу учуру. 1992-жыл

19 / 20

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, белгилүү актер Орозбек Кутманалиев жана залкар манасчы Каба Атабеков. Чүй облусу, 1995-жыл.

20 / 20

Кинорежиссер 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон

Тема боюнча:
Залкарлардын батасын алып... Айтылуу акын Замирбек Үсөнбаевдин сүрөттөрү
Элдин "генералы" Мукамбет Токтобаев. Залкардын сүрөттө калган ирмемдери
Өлкөнүн желеги менен дүйнөнү түрө кыдырган Орзубек Назаров 56 жашта. Сүрөттөр
Кыргыз музыкасына гармонь аспабын алып келген Муса Баетов. Сүрөттөр
Драматургияга дарыгерликтен келген. Токтоболот Абдумомуновдун сүрөттөгү ирмемдери
Манасты даңазалаган тасма. Мелис Убукеевдин акыркы чыгармасындагы ирмемдер