БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Газпром балдарга" спорттук-эс алуу комплекси оңдоп-түзөөдөн өтүп, машыгам дегендерге эшигин ачкандыгын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Мэрия спорттук жай муниципалитеттин балансына өткөндөн бери биринчи жолу ремонттолгонун белгиледи.
Оңдоп-түзөө иштерин Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын директору Мирлан Парханов текшерген.
"Жуунуучу бөлмөлөрдө эски плиткалар алынып, жаңы керамикалык плиткалар орнотулуп, дубалдар фунгициддик суюктук менен сүртүлдү. Кошумча желдетүү системалары орнотулду. Канализация жана дренаждык түтүктөр орнотулуп, иштен чыккан тетиктер алмаштырылды. Кызматкерлер үчүн бөлмө маселеси чечилди. Азыр алардын өздөрүнүн жайлуу кеңсеси бар. Бул үчүн узун коридордун оң канатынын кичинекей бөлүгү тосулуп, эшик орнотулду", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле кошумча жарык берүүчү приборлор орнотулуп, сырттагы отургучтар, таштанды челектер сырдалып, чоң залдагы коргоочу такталар оңдолгон.
Комплекс "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы тарабынан курулуп, 2016-жылы муниципалитеттин карамагына өткөрүп берилген. Комплексте грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, дзюдо, таэквондо жана гимнастика боюнча секциялар бар.