Чүйдө 150 млн. долларга эки завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Инвестициялык сумма 150 миллион долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чүй облусунун аймагына эки завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул туурасында Экономика министрлиги билдирди.
1 / 2

Чүй облусунун аймагына эки завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

2 / 2

Келишимге министрлер кабинети менен "Терек-Таш" жана "Фирма "Зенит" консорциум компаниялары ортосунда кол коюлган.

Келишимге министрлер кабинети менен "Терек-Таш" жана "Фирма "Зенит" консорциум компаниялары ортосунда кол коюлган.
Клинкер чыгаруучу завод Кемин районуна, ал эми цемент заводу Ысык-Ата районуна курулары айтылды. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цемент чыгарууга ылайыкталган.
Эки заводду ишке киргизүү үчүн салына турган инвестициялык сумма 150 миллион долларды түзөт.
Бишкекте 4 кабаттуу балдар ооруканасынын курулушу башталды. Сүрөт