Италиялык журналист Путиндин "жашыруун триумфун" ачыктады

Климаттын өзгөрүшү кээ бир аймактарга зыян келтирсе, башкаларына пайда алып келүүдө. Мисалы, Россия, Канада жана Скандинавия өлкөлөрү жеңүүчү позицияда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин быйыл буудай экспортун рекорддук деңгээлге жеткирип, Батышты жеңди. Бул тууралуу италиялык журналист Федерико Рампини Corriere della Sera басылмасына жазган макаласында айткан.
Автор айыл чарбасын Путиндин "жашыруун триумфу" деп эсептейт.
"Путиндин тушунда Россияда айыл чарбасы укмуштуудай жанданды. 2000-жылдан 2018-жылга чейин Россияда айыл чарба продукциясын экспорттоо 16 эсеге өстү. Бүгүнкү күндө өлкө АКШга караганда көбүрөөк дан өстүрөт. Россия жана АКШ дүйнөлүк өндүрүш боюнча Кытай менен Индиядан кийин үчүнчү жана төртүнчү орунда турат. Бирок ар биринде 1,4 миллиарддан адам болгондуктан, товарды ички муктаждык үчүн колдонууга мажбур болууда", — деп жазылат макалада.
Ошондой эле айыл чарбасына глобалдык жылуулук кандай таасирин тийгизип жатканы тууралуу сөз болду.
"Климаттын өзгөрүшү кээ бир аймактарга зыян келтирсе, башкаларына пайда алып келүүдө. Мисалы, Россия, Канада жана Скандинавия өлкөлөрү жеңүүчү позицияда.
Автордун пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк мол, болгону ал начар бөлүштүрүлөт жана кээ бир саясий чечимдер баанын көтөрүлүшүнө алып келет. Ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн ыксыз санкцияларынан улам жеткирүүдө маселе жаралууда.
Украина өзүн-өзү кыйратуучу өлкөгө айланганда. Ой толгоо