БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Өткөн суткада көгүлтүр оттун болжолдуу баасы Европадагы газ хабдарынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жетип, миң куб метрине 2861,6 долларды түздү. Бул тууралуу ICE Лондон фондулук биржасынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Жума күнү "Газпром" 31-августтан 2-сентябрга чейин Портовая компрессордук станциясындагы жалгыз иштеген газ соргуч агрегатын оңдоп жатканына байланыштуу "Түндүк агым" аркылуу энергетикалык ресурстарды ташуу токтотулгандыгын жарыялаган.
Бул кабардан кийин сентябрда TTF индекси боюнча газды жеткирүү дээрлик сегиз пайызга кымбаттап кетти. Бул — март айынан бери биринчи жолу газдын миң куб метри үчүн баа 2 700 доллардан ашкан учур.
"Кечээ эртең менен баа 20 пайызга көтөрүлүп, 3 000 доллардан ашкан. Бирок соңунда биржа 2 900 доллардан бир аз ылдыйлап жабылды", — деп айтылат кабарда.
Европалык биржаларда баа соңку ирет март айында рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ага Россиянын энергетикалык ресурстарын импорттоого тыюу салынышы мүмкүн деген божомолдор себеп болгон.
Кечээ Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев газ жылдын соңуна чейин дагы кымбаттай турганын жоромолдоду.