Транспорт, турак жай жана жер тилкесине салыкты кантип төлөш керек? Жол-жобосу

Салык кызматы төлөмдү 1-сентябрга чейин бүтүрүш керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана үйдүн жанындагы жер тилкесине салыкты кантип төлөш керектигин түшүндүрүп берди.
Салыкты мекемеге барбай эле онлайн төлөсө болот. Мисалы, акчаны банктардагы кассалар, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу төгөсүз.
"Ал үчүн тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ПИН номери, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасын жазыш керек. Турак жай жана үйдүн жанындагы жер тилкенин салыгы үчүн мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ПИН номери жана салыктын суммасы көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы аны 1-сентябрга чейин төгүү керектигин эскертти.
"Салыкты төлөгөнгө чейин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти тапшыруу керек. Аны электрондук түрдө Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу же салык органына барып кагаз түрүндө бүтүрсө болот. Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептей аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Транспорт, үй жана жердин салыгын эсептей турган калькулятор ишке кирди