Өткөн кылымдын 20-жылдарында азыркы Кыргызстандын аймагында алгачкы геологиялык чалгындоо, археологиялык казуу иштери башталган. Кийин бир катар көмүр кендери казылып, экспедиция иштерин жигердүү улантып, аймактын табигый ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрү, социалдык-экономикалык дарамети изилденген.
Илимий-изилдөө иштери согуш жылдары, андан кийин да токтобой, 1954-жылы азыркы Улуттук илимдер академиясы ачылган. Илим менен алектенгендер жыл сайын экспедицияларга чыгып, эмгектеринин жыйынтыгын өкмөткө сунушташкан. Анын аркасы менен өндүрүш, элдин иши жеңилдеген. Кыргыз окумуштууларынын атагы СССРге гана эмес, дүйнөгө тараган. Илимпоздордун аркасы менен Кыргыз ССРинде дары-дармек, автоунаа, жабдуулар жасалып, баалуу металл ири көлөмдө башка республикаларга экспорттолгон.
Тема боюнча: