Бишкекте 80 жаштагы кемпирдин алтын чынжырын жула качкан киши кармалды. Видео

Окуя 23-июлда калаадагы конуштардын биринде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте көчөдө бараткан 80 жаштагы кемпирдин мойнундагы алтын чынжырчасын жулуп качкан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган окуя 23-июлда калаадагы конуштардын биринде болуп, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Карактоо”) менен иш козголгон. Жабырлануучу зер буюму 60 миң сом турарын айткан.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунда жашаган 30 жаштагы кишини кармады. Тергөө учурунда ал буга чейин да тоноо беренеси менен соттолуп, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча да көп жолу кармалганы белгилүү болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жаран жабырлануучу кемпирди Аламүдүн базарынан жаңы конушка чейин аңдып барган. Ал эми карактап алган алтын чынжырчаны ломбардга 15 миң сомго коюп кеткен.
Ысык-Көлдө өспүрүм балдар эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоногон