Машыгуу базасынын жоктугуна байланыштуу спортчулар эл аралык мелдештерге түрдүү бильярд клубдарында даярданып келишет. Бул тууралуу Каныбек Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, машыктыруучулар таланттуу балдарды таап, ири мелдештерге даярдашы керек.
"Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты өттү. Ири спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, бильярд чеберлери келип күч сынашты. Кыргызстандык Дастан Лепшаков жана Ызатбек Ратбеков бильярддын динамикалык пирамида түрүнөн коло медалга ээ болушту. Акыркы жылдары бул спорт абдан тез өнүгүп, атаандаштык абдан курч боло баштады. Тилекке каршы, бизде машыгуу базасынын жоктугуна байланыштуу спортчулар эл аралык мелдештерге түрдүү бильярд клубдарында даярданып келишет. Тажрыйбасын арттыруу максатында Россияда өткөн көптөгөн коммерциялык турнирлерге да катышып турушат. Ал эми жаштар арасында учурда көйгөйлөр бар. Пандемия учурунда машыгуулар болбой көп өспүрүм спортту таштап кетти",— деди Дүйшөбаев.
Ошондой эле адис Кыргызстанда бильярд спорту боюнча кыздар арасында жылыш такыр жок экендигин кошумчалады.