БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Азия мамлекеттерине болгон сапарынын алкагында Тайванга барарын айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея жана Японияга бара турганын билдирген.
Ага чейин Азияны көздөй учкан АКШнын Абадан коргонуу күчтөрүнүн атайын учагы Гавайидеги Гонолулу аэропортуна конгону белгилүү болду. Тайванга да сапар тартары болжолдонгон, бирок Пелоси коопсуздук талаптарын жүйө келтирүү менен маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Буга чейин Пелосинин Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна жарака түшүрүп, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу мүмкүн экени айтылган.
Вашингтон менен Пекиндин мамилесинде Тайвань маселеси Украинадагы кырдаалдын фонунда өзгөчө мааниге ээ болду. Кытай АКШны ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылууда.
Эске салсак, Пелоси августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болмок.
Кытай өкмөтү менен арал провинциясынын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы үзүлгөн. Ага Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминьдандын аскерлери Тайванга көчүп кетиши себеп болгон. Арал менен материктин ортосундагы бизнес жана бейрасмий байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар Пекин ассоциациясы жана Тайбэйдин кысыктар аралык алмашуу фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша башташкан.