Казакстан: кыргызстандык айдоочу катышкан жол кырсыктан алты адам каза болду

Полициянын болжолдуу маалыматында Honda Fit унаасын айдап бараткан кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, Lada Largus унаасы менен сүзүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Казакстандын Актөбө облусунда Кыргызстандын жараны катышкан жол кырсыктан алты адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Жол кырсыгы 30-июлда кечинде Самара — Шымкент унаа жолунун 1046-чакырымында катталган.
Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны 32 жаштагы кыргызстандык айдап бараткан. Полициянын болжолдуу маалыматында ал каршы тилкеге чыгып, Lada Largus унаасы менен сүзүшкөн. Аны Иргиз районунун 33 жаштагы тургуну башкарып бараткан.
Окуя болгон жерден Lada Largus автосунун айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү, ошондой эле Honda Fit унаасынын бир жүргүнчүсү алган жаракатынан көз жумган.
Ал эми Honda Fit унаасынын айдоочусу бир жүргүнчүсү менен аймактагы ооруканага жеткирилген.
Бишкекте кырсыктаган бус жүргүнчүлөрү менен кошо оодарылып кетти. Сүрөт, видео