Садыр Жапаров коңшу мамлекеттердин тартипти орнотуу саясатын колдоорун айтты

Жапаров жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылык региондогу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерге байланыштуу экендигин белгиледи.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту орнотуу боюнча иш-аракеттерин толугу менен колдойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйынында айтты.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымы Борбор Азия үчүн тынч болгон жок. Январь айында Казакстандын бир катар шаарларында элдик толкундоолор менен коштолгон башаламандык болсо, май айында Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан аймагында туруксуз кырдаал түзүлгөн. Июль айында Каракалпакстанда (Өзбекстан) дагы толкундоолор болду.
Жапаровдун айтымында, аймактагы каргашалуу окуялар коопсуздук маселелерин биринчи планга алып чыкты. Ал тышкы күчтөр өздөрүнүн тарабына диний фанаттарды жана кылмышкерлерди тартып жатышат деген пикирин билдирди.
"Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү аракеттерин колдойт. Мындан ары социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө керек. Бул багытта өз ара кызматташууга, иштерди биргелешип алып барууга чакырам", — деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылык региондогу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерге байланыштуу экендигин кошумчалады.
Садыр Жапаров: Чолпон-Атадагы саммит натыйжалуу болот деп ишенем