Борбор Азия президенттери Ысык-Көлдө кол койгон документтердин тизмеси

Негизги документтердин бири — аймакты өнүктүрүү үчүн достук, коңшулук жана кызматташтык боюнча келишим.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир нече документке кол коюлду.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров

2 / 3

Президент Касым-Жоомарт Токаев

3 / 3

Президент Шавкат Мирзиёев

Президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Мындан тышкары, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
1 / 2

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

2 / 2

Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документти кабыл алышмакчы.
Башка келишимдер:
көп тараптуу форматтардын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташуу концепциясы;
Борбор Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасы;
2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасы.
Мындан тышкары, Аралды куткаруу эл аралык фондунун төрагасы катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечими кабыл алынды.
Азербайжан Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйынына конок катары келүү ниетинде