БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Стамбул шаарында өткөн эгин маселеси боюнча Россия, Түркия, Украина жана БУУ делегацияларынын жолугушуусунда аталган шаарда координациялык борборду түзүү боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар айтканын РИА Новости билдирди.
"Негизги техникалык маселелер да макулдашылды, ага бардык тараптардын өкүлдөрү катышты. Ал маселелер — Стамбулда түзүлө турган координациялык борбор, порттон чыгып жатканда жана келгенде көзөмөлдү биргелешип жасоо, деңиз жолдорундагы коопсуздук жаатында болду", — деди Акар журналисттерге.
Ошондой эле келерки жумада россиялык жана украиналык делегация Түркияда кайрадан жолугуп, аталган маселени талкуулайт.
Буга кошумча эгин маселеси боюнча талкууланган маселелердин негизинде жыйынтык документтерге кол коюу да келерки аптага каралып жатканы маалым болду.
Эске салсак, Стамбулда Россия, Түркия, Украина жана БУУ делегациялары катышкан жолугушуу жабык форматта өттү.