Россия кыргызстандыктар үчүн "кара тизмени" жаңыртты

Россия буга чейин 47 миң кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарган. Бүгүн расмий тизме жаңыртылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бүгүн, 13-июлда, Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын жаңыртылган расмий тизмеси жарыяланды. Мында россиялык соттордун чечими менен өлкөдөн чыгарып салынгандардын дагы тизмеси бар. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Россия буга чейин майда мыйзам бузууларга барган 47 миң кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарган.
Россияга барар алдында кыргызстандыктар өзү тууралуу маалыматты "кара тизмеден" текшере алат. Ал үчүн:
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан www.migrant.kg өз алдынча текшерүү;
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылуу аркылуу. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237 (Жаш гвардия бульвары менен кесилишет), телефон 0 (312) 641-764;
Оштогу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылуу аркылуу. Дареги: Ленин көчөсү, 221, телефон номери 0 (3222) 5-66-32.
Россияда мигранттар кантип "кара тизмеге" түшүп калат? Элчиликтин эскертүүсү