Зеленский Россия газы боюнча талаштан кийин Германиядагы элчисин иштен алды

Немец өкмөтү Россиядан күйүүчү май транзитин калыбына келтирүү үчүн "Газпромго" кайтууга аракет кылып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Siemens турбинасы боюнча эки өлкө ортосунда чыккан карама-каршылыктан кийин Греманиядагы элчиси Андрей Мельникти иштен алды. Бул туурасында РИА Новости британиялык Express гезитине таянуу менен жазды.
Буга чейин немец өкмөтү россиялык күйүүчү май транзитин калыбына келтирүү үчүн "Газпромго" аталган турбинаны берүүгө аракет кылып жаткан.
"Кызматтан кетирүүнүн расмий себеби аталган жок, Украина мурдагыдай эле Канадада оңдоодо турган немец өндүрүшүндөгү турбина үчүн Германия менен катуу талашып-тартышууда. Берлин Европага мунай затын сордуруу үчүн Оттава агрегатты россиялык газ гиганты "Газпромго" кайтарып беришине кызыкдар, бирок Киев бул Москвага салынган санкцияларга каршы келерин айтууда", — деп жазылган маалыматта.
Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник Германия бийлигин кескин сындап келген. Ал аскердик жардам көрсөтүүдө чечкинсиздикке айыптап, Берлиндин Киевге танктарды жана аскердик атайын машиналарды жөнөтпөй жатышы тарыхта кала турган шермендечилик болорун билдирген. Мындан сырткары, ал "мурдагы канцлер Ангела Меркель өзүнө сын көз менен карай албайт" деген кине коюп, ал эми анын ордуна келген Олаф Шольцту "таарынчаак колбаса" деп атаган.
"Газпром" буга чейин Канада Siemens компаниясы курган турбинаны оңдогондон кийин кайтарып бербегенин билдирип, Германия маршруту боюнча мунай экспорттоону азайткан. Корпорациянын өкүлдөрү агрегаттарды Россияга каршы чектөөлөр киргизилгенине байланыштуу Оттава кайтарып бере албастыгын айткан.
Шольц германиялык ишкердин "орустар менен сүйлөшүү" чакырыгына жооп берди