Кенге берилген лицензия, жол маселеси. Бийлик өкүлдөрү Чаткал эли менен жолукту

Жыйынга 300гө жакын киши катышып, аймактагы бир катар маселелер талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрү Чаткал районунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев барган.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрү Чаткал районунун тургундары менен жолукту

2 / 3

Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев барган.

3 / 3

Жыйынга 300гө жакын киши катышып, аймактагы бир катар маселелер талкууланды

Жыйынга 300гө жакын киши катышып, аймактагы бир катар маселелер талкууланды. Анда алыскы райондо жеткиликтүү медициналык жардам алуудагы кемчиликтер, укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине жана тергөө сапатынын начардыгына болгон нааразычылыктар айтылган.
Мындан сырткары, аймактагы кен иштеткен компаниялардын мыйзамсыз аракеттери, таза суу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолун оңдоо, ички каттамга курулган жолдордун сапатына болгон нааразычылыктар жана жеке маселелер көтөрүлгөн.
"Бийлик өкүлдөрү Чаткал районунун тургундары көтөргөн көйгөйлөрдү эске алуу менен бир айлык мөөнөттө кен казууга берилген лицензиялар, чачыранды кен казуу жана жол оңдоого байланышкан коррупциялык аракеттерди териштирүү иштери жүрө турганын айтты", — деп жазылган маалыматта.
Бакыт Төрөбаев айтылган ар бир көйгөй объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алына турганын айткан. Ошондой эле ал Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун оңдоо долбоору бекитилгенин, ага катар алдыда Ак-Таш, Сумсар, Курулуш жана Терек-Сай айылдарына таза суу жеткириле турганын билдирди.
Мындан сырткары, аймакты Талас облусу менен бириктирүүчү каттамды жакшыртуу аракети көрүлө турганы жана башка ири долбоорлор боюнча маалымат берген.
Чаткалда токойду кыйып сатышкан. УКМК жетекчилердин бирин кармады