Сымап термометр сынса ӨКМди чакыруу керек. Себеби

Адис градусниктин калдыгын эч убакта кадимки таштанды челекке ыргытпаш керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Сымап термометр сынып кетсе эмне кылуу керек? Бул суроого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Алмаз Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде жооп берди.
Ал градусниктин калдыгын эч убакта кадимки таштанды челекке ыргытпаш керектигин белгиледи.
"Эгер сымап термометр үйдүн ичинде сынса, биринчи кезекте терезелерди ачып, бөлмөнү желдетүү керек. Андан соң сымаптын тамчыларын баштыкчага же капкагы бар идишке чогултуп, 112 номери аркылуу ӨКМ кызматкерлерин чакыруу керек. Алар атайын контейнерге салып, андан ары утилизациялоо үчүн алып кетишет", — деди Асанов.
Ал кошумчалагандай, сымап адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине термометрлерди коопсуз утилизациялоо же коопсуз сактоо милдети жүктөлгөн.
Радио
Асанов: ӨКМде куткаруучу-химик-дозиметрист, медицина кызматкерлери жетишсиз