Алтын казынада 600дөй чыгармасы бар. Айтылуу Кайыргүл Сартбаеванын сүрөттөрү

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчы Кайыргүл Сартбаева жакында 86 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги мукам үндүү таланттын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктап, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Опера ырчысы сахнада "Айчүрөк", "Жамийла", "Манас", "Токтогул", "Сепил", "Аида", "Курманбек", "Евгений Онегин", "Чио-Чио-Сан", "Отелло", "Дон Карлос", "Дон Жуан" өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, 1969-70-жылдары Москвадагы Чоң театрда тажрыйба топтогон.
Кыргыз ССРинин эл артисти дүйнөлүк жана ата мекендик композиторлордун ырларын, романстарын оркестр менен аткарып, камералык ырчы катары эл арасына кеңири таанылып Дания, Канада, Куба, Монголия, Польша, Румыния, Сирия, Түркия, Швейцария, Швеция, Япония, Кытай жана бир топ советтик республикаларда гастролдогон.
Ошондой эле "Кыргыз радиосунун" алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан.
КРдин эл артисти ошол эле маалда мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берген.
Азыр II даражадагы Манас орденинин кавалери, Даңк медалынын ээси уул-кызы, неберелеринин сый-урматын көрүүдө.
1 / 15

Кайыргүл Сартбаева көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

2 / 15

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрдин коштоосунда радиого жаздырышкан.

3 / 15

Болочоктогу атактуу опера ырчысынын балалыгы кыйынчылык менен коштолгон. Алгач апасынан, андан соң атасынан айрылып мектеп-интернатта өскөн.

4 / 15

Бир жолу борбор калаадагы "Спартак" стадионундагы майрамдык иш-чарада ырдаган өспүрүм кыздын үнүн ошол кездеги маданият министри Абдыкаир Казакбаев, композитор Абдылас Малдыбаев байкап калып, ага Москвада окууну сунуштаган

5 / 15

Ырчы 26 жашында Москва шаарындагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн

6 / 15

Жогорку билимдүү аткаруучу эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрында баштаган

7 / 15

Ал 38 жашында Кыргыз ССРинин, 44 жашында СССРдин эл артисти болгон

8 / 15

Кайыргүл Сартбаеванын жаш кези. Ат жалында ойногон чүйлүк ырчы кыз.

9 / 15

Эл артисти сахнада ондогон операда образ жараткан

10 / 15

Залкар ырчы "Чио-Чио-Сан" операсында мадам Батерфляйдын образында. Фрунзе шаары, 1976-жыл.

11 / 15

Таланттуу композитор, дирижер, улуу устат Калый Молдобасанов менен

12 / 15

Мукам үндүү ырчы чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ийине жеткире аткарган. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

13 / 15

СССРдин эл артисти сахналаштары менен иш маалында

14 / 15

Театр жылдыздары Кайыргүл Сартбаева менен Махмуд Эсамбаев. Москва шаары, 1986-жыл.

15 / 15

Опера ырчы бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. 86 жаштагы опера ырчысы азыр ардактуу эс алууда.

Тема боюнча:
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү
Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү