БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулайт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, быйыл айлыгы көтөрүлбөй калган кызматкерлердин баарынын маянасын көбөйтүү пландалган. Бул багытта өкмөт 9,6 миллиард сом даярдап жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, Жапаров 2023-жылдын 1-январынан баштап укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгына акча кошуларын убадалады.