Бийлик Таластагы райондун, айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Мыйзам кабыл алынса 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети Талас облусундагы Кара-Буура районун Чыңгыз Айтматов району деп өзгөртүүнү сунуштап жатат.
Мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттиги чыгарды.
Бул райондо Чыңгыз Айтматов төрөлгөн Шекер айылы жайгашкан.
Райондорду өзгөртүү боюнча башка сунуштар:
Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон-Хан айыл аймагы деп өзгөртүү;
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Борбаш айылын Кайрагач деп өзгөртүү;
Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Чымгент айылын Чыңгыз Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айылы деп өзгөртүү.
Мыйзам кабыл алынса 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Радио
Эшенгулов: Ак-Суу деген жер аттары таза суу дегенди эле түшүндүрөт