Балыкчыдан Бишкекке бараткан поезд артка кайтарылды. Себеби

Ишкана 72 жүргүнчүнү, анын ичинде балдарды Бишкекке маршруттук таксилер менен жөнөтүүнү уюштурган. Кондукторлор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. Sputnik. Балыкчы - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезд табигый кырсыктын кесепетинен улам Рыбачье станциясына кайра жөнөтүлгөнүн “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Балыкчы — Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезд табигый кырсыктын кесепетинен улам Рыбачье станциясына кайра жөнөтүлгөн

2 / 3

Кондукторлор жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жабыркагандар жок

3 / 3

Маалым болгондой, ишкана 72 жүргүнчүнү, анын ичинде балдарды Бишкекке маршруттук такси менен жөнөттү

Кондукторлор жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жабыркагандар жок.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 18:00дөр чамасында Жел-Арык темир жолунун тилкелеринин биринде (3 894-чакырым) нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жолдун 10 метр үстүңкү конструкциясын (урандарды) сел алып кеткен. Ошондой эле 3 896-чакырымда жер көчкү жүрүп, темир жолдун 35 метрин басып калган", — деп билдирди ишкана.

Маалым болгондой, ишкана 72 жүргүнчүнү, анын ичинде балдарды Бишкекке маршруттук такси менен жөнөттү.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык чараларды тез арада көрүүнү тапшырды.
Боомдо сел жүрүп, автоунаалар бир тилке менен каттап жатат. Видео