Бейшембиге карата аба ырайы

23-июнда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бейшембиде нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +24…+29, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын облусунда +21…+26 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +29…+31, Чолпон-Атада +27…+29 градус болот.
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы