Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Франциялык адис: Украинадагы атайын операцияда Россия жеңишке жакындап калды

Адис Батыш ЖМКлары окурмандарына мурдагы совет республикасындагы кырдаал боюнча бурмаланган маалымат берип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери Украинадагы атайын операцияда жеңишти жакындатууда. Бул тууралуу Франция — Россия диалогу бюросунун мүчөсү Пьер Жантийе Valeurs Actuelles басылмасына жазганын РИА Новости билдирди.
Анда адис Батыш ЖМКлары окурмандарына мурдагы совет республикасындагы кырдаал боюнча бурмаланган маалымат берип жатканын белгилеп, бирок алардын билдирүүлөрүнөн деле чыныгы абал ачык көрүнүп турганын кошумчалаган.
"Россия армиясы жеңишинен эч ким күмөн санаган эмес. РФтин армиясы чыр-чатактан жеңүүчү болуп чыгат", — деген адис.
Ал Россиянын аскерлери атайын операция башталганда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү бөлүктөрүн сындырып койгонун белгилеген. Мындан тышкары, Жантийе Москванын Северодонецк районундагы стратегиялык ийгиликтерине да маани берген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Святогорскиден украин аскерлери качып кетип, шаар бошотулууда