БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте ишембиде жаан жааса, жекшембиде күн ачык болору күтүлүүдө. Абанын температурасы 23...25 градуска жетет.
Чүй, Талас облустары
4-июнда эки облустун тең көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерге жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 5-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө 23...25 градус жылуу болсо, Таласта 21...23 градусту көрсөтүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
4-июнда түштүк аймактардын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. 5-июнда дыйканчылык аймактарга жамгыр жаабайт.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Нарында 4-5-июнда жамгыр жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жерлерине кар жаашы ыктымал. Ал эми Ысык-Көлгө 4-июнда жаан жаап, 5-июнда күн ачылары айтылды. Нарында абанын температурасы 17...19 градус, Ысык-Көлдө 17...22 градус жылуу болот.