Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды. Сүрөт

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин биргеликте ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин биргеликте ачты

2 / 3

Жапаров белгилегендей, бул айкелдин кыргыз жергесинде тургузулушу Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да Абай Кунанбай уулунун улуу жолуна жана чыгармачылыгына өзгөчө урмат менен мамиле жасала турганын айгинелейт

3 / 3

Өз кезегинде Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.

Жапаров белгилегендей, бул айкелдин кыргыз жергесинде тургузулушу Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да Абай Кунанбай уулунун улуу жолуна жана чыгармачылыгына өзгөчө урмат менен мамиле жасала турганын айгинелейт.
"Айкөл Манас менен Көкчөдөй баатырларды, Токтогул менен Абайдай акындарды, Чыңгыз менен Мухтардай улуу жазуучуларды жараткан асыл эл экенибизди дагы бир жолу даңазалайт", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле Жапаров 2020-жылы казак элинин классиги Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Абай атындагы маданий борбор ачылгандыгын эске салган.
Өз кезегинде Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.
Ал жакын арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотула турганын айткан.
Евразия экономикалык форуму
Токаев: ЕЭКке кошумча укук берүүнүн зарылчылыгы жок