Бишкекте көп кабаттуу үйдүн короосуна имараттын дубалы урап түштү. Видео

Мэрия ал жерде эски үй түрттүрүлүп жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан имараттын дубалы көп кабаттуу турак жайдын короосуна урап түштү. Бул туурасында күбө билдирди.
Окуя кечээ, 15-майда, Исанов көчөсүндө болгон. Күбөлөр ал убакта короодо балдар ойноп жатканын айтууда, бактыга жараша, эч ким жаракат алган жок.
Окуя кечээ, 15-майда, Исанов көчөсүндө болгон
Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы факт катталып, текшерүү башталганын билдирди. Чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Ал эми мэрия ал жерде эч кандай курулуш жок экенин, эски үй түрттүрүлүп жатканын айтууда.
Бишкекте дубалы ураган көп кабаттуу үй. Эки прораб камакка алынды