Бишкекте көп кабаттуу үйдүн короосуна имараттын дубалы урап түштү. Видео

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги үйлөрдүн короосундагы имараттын дубалы урап түштү
Бишкектеги үйлөрдүн короосундагы имараттын дубалы урап түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
Мэрия ал жерде эски үй түрттүрүлүп жатканын айтууда.
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан имараттын дубалы көп кабаттуу турак жайдын короосуна урап түштү. Бул туурасында күбө билдирди.
Окуя кечээ, 15-майда, Исанов көчөсүндө болгон. Күбөлөр ал убакта короодо балдар ойноп жатканын айтууда, бактыга жараша, эч ким жаракат алган жок.
© пресс-служба мэрии города БишкекОкуя кечээ, 15-майда, Исанов көчөсүндө болгон
Обрушение стены здания во дворе дома в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Окуя кечээ, 15-майда, Исанов көчөсүндө болгон
Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы факт катталып, текшерүү башталганын билдирди. Чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Ал эми мэрия ал жерде эч кандай курулуш жок экенин, эски үй түрттүрүлүп жатканын айтууда.
Турак жай үйдүн куруу учурунда жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Бишкекте дубалы ураган көп кабаттуу үй. Эки прораб камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0