БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиялык жоокерлер Херсон шаарынын аймагында гуманитардык акцияларды уюштурууну улантууда.
Калаа тургундары күн сайын Россия Федерациясынан он тоннадан ашык гуманитардык жардамдарды алып жаткандыгын RT жазды.
"Кечээ гуманитардык жардамды шаардын эл жашаган аймактарынын биринде таратышкан. Бир нече саат калганда жүздөгөн шаардыктар чогулуп, күтүп турушту. Азык-түлүктөрдү таратууда жергиликтүү ыктыярчылар жардам беришти, ал эми россиялык аскерлер акциянын коопсуз өтүүсүн камсыздады", — деп айтылган маалыматта.