Төрага согуштун ардагерлери 97 жаштагы Хусейин Мухаммеджановдун, 98 жаштагы Аспек Жумашевдин жана 95 жаштагы Абдухалит Гайсинин үйлөрүнө барып, соттук тутумдун атынан акчалай жардам жана башка белектерди берген.
Базарбеков согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирип, алардын эрдигинин аркасында эл ачык асман, бейпил заманда жашап жатканын айткан.