Жаан катуу жаашы ыктымал. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 10-майдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым жерлерге жамгыр катуу жаашы, тоолуу аймактарга кар түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, 10-майда күндүз жана 11-12-майда Кыргызстандын аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерге жаан катуу төгүп, мөндүр да жаашы божомолдонду. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Кыргызгидромет мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертти.
Арктика музунун бир бөлүгү эрип кетти. Планетанын экосистемасы эми кандай болот