Садыр Жапаров Венгриянын ТИМ башчысы Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлады

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды

2 / 2

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
"Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент белгилегендей, эки тарап саясий диалогду активдүү колдоп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрөт. Кыргыз тарап быйыл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келишин күтүп жатканын ырастады", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле мамлекет башчы Петер Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлап, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеген.
"Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык", — деген Жапаров.
Өз кезегинде Сийярто жылуу кабыл алууга жана "Достук" ордени үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракетин уланта турганын билдирген.
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү