БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн, 3-майда, Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, баарлашуу түрк тараптын демилгеси менен ишке ашкан.
Өлкө башчылары биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулады.
Эрдоган Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде Жапаров кыргыз тарап Түркия президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.