Айт намазда Бишкекте жолдор жабылат. Тизме

Намазга он миңге чукул киши келери болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектеги айт намаз учурунда бир катар көчөлөр жабыларын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар 2-майда окулчу намазга он миңге чукул кишинин келери болжолдонуп жатканын айтышты. Фрунзе көчөсү менен Чүй проспекти Панфиловдон тарта Тыныстынов көчөсүнө чейин жабылат деп маалымдашты.
Бишкектеги айт намаз учурунда бир катар көчөлөр жабыларын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты
Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн 14 көзөмөл-өткөрүү жайлары уюштурулат.
Милициянын кайгуул кызматы Панфилов эмес, Логвиненко көчөсүнөн тарта жабыларын тактап, кошумчалады. Көчөлөр саат 04:00дөн 08:00гө чейин тосулмакчы.
Автотыгын жаралбашы үчүн мэрия жарандарга автоунаасын таштап келүүнү же намаз окула турган аймактан 1000 же 500 метр узагыраак токтотууну өтүндү.
Айт намаздын башталыш убактысы саат 6:00гө пландалган. Мусулмандардын алдына бийликтин жана муфтияттын өкүлдөрү чыгып сүйлөөрүн, ал эми намаз саат 07:30да окуларын айтышты.
Орозо айт намазы эски аянтта окулат. Программа